Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орунга кадрлар резервине киргизүү үчүн Бөлүм башчы (У-А), Башкы адис (У-Б) ачык конкурс жарыялайт Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (экономика, маркетинг, юриспруденция, ж.о. гуманитардык) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү. Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-ж. “22” 01 № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча” жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 823 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө” жобо. Кыргыз Респубикасынын 2003-жылдын 30-августу № 201 “Үй бүлөө кодекси” Кыргыз Респубикасынын 2012-жылдын 10-июлу № 100 “Балдар жөнүндө кодекси” Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме. – Кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян. – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен). – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт. – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт). – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек). – Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек). – Кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 4–марттан – 13–марттын саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 71Д кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-24-70, 0505148909. Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт