Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине (3штат) (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин денгээли: – жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы же ошол багыттагы педагогикалык билимге артыкчылык берилет), (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу, юрист). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы; “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 776 токтому менен бекитилген типтүү Жобо; Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл; – билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; көндүмдөрү: ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт); дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); эмгек китепчесинин көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу; Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде саат 18-00гө чейин тапшыруу керек. Тел.: 0709090966 Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт. Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкрамалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык башкы кызмат жана улук кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтын башкы, улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө сынак өткөрүү үчүн ачык сынак жарыялайт