Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2. 18 жаштан жогору; Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө: Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: -Кыргыз Республикасынын Конституциясы, – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы, – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы, – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы, -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыдын 3-мартында №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 1. Киреше жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис (У-Б), 1-бирдик) – кесиптик билимдин деңгээли: – экономика жана финансы, юриспруденция, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим. – боюнча жогорку кесиптик билим. – иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; – кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: -Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; -Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси; -Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 4) жөндөмдөр: — маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; — аналитикалык документтерди даярдоо;— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; — иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; — жаңы эмгек шарттарына көнүү;көндүмдөр: — ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; — ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; — башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; — компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу. — Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg – жеке арыз; – сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана эл.почтасын көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү; – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Докумнттер “Конкурска” деп жазуусу бар папкада жөнөтүлүшү керек. Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 2026-жылдын 1-апрелинен 13-апрелине чейин саат 8:30дан 17:30га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Сокулук району, Күнтуу айыл өкмөтү, Табышалиева көчөсү №57, Сурап билүү телефондор: 0(312)453532 Жазуулар боюнча багыттоо Чүй райондор аралык эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция башкармалыгы ачык сынак жарыялайт Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт