Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде бош ваканттык орунга кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Конкурс 2026-жылдын 15-апрелинен тартын 28-апрелине чейин өткөрүлөт. Бош ваканттык оорунга кадрлардын резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек. 1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга 2. 18 жаштан жогору 3. Соттуулугу жок Социалдык маселелер боюнча башкы адис (У-Б) 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы 2) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекси 3) КР Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: -жеке арыз -сурөт менен резюме (уюлдук номерин жана эл почтасын көрсөтүү менен); -өздүк таржымал ( соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун ( бар болсо) көчүрмөлөрү; – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( эмгек стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 2026 -жылдын 15-апрелинен 28-апрелине чейин саат 8.30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чуй облусу, Сокулук району, Кожомкул айыл өкмөтү, Фрунзе көчөсү 116. Тел:(03134)63-0-42 Жазуулар боюнча багыттоо Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт