Аксы  районунун  Кербен  шаарынын  мэриясы  улук  топтогу  административдик муниципалдык  кызмат  орунуна  кадрлар  резервине

ачык  конкурс  жарыялайт!

 Кесиптик билимдин  деңгээли:

   – жогорку  билим  – (Финансылык  экономикалык  багыттары  боюнча)

  1. Иш стажы жана  тажрыйбасы:

   – жалпысынан  1  жылдан  кем  эмес  мамлекеттик   жана/же  муниципалдык  кызматтагы

жыйынды  иш  стажы  же  тийиштүү  кесиптик  чөйрөдө  3  жылдан  кем  эмес  иш  стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

     – Төмөнкүлөрдүү  билүү:

     Кыргыз  Республикасынын  жалпы  мыйзамдарын:

   – Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы;

   –“Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  тили  жөнүндө”  Кыргыз   Республикасынын

Конститутциялык  Мыйзамы;

– Кыргыз  Республикасынын  “ Мамлекеттик  жарандык  кызмат   жана  муниципалдык

кызмат  жөнүндөгү” Мыйзамы;

– Кыргыз  Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү”

Мыйзамы;

– “Кыргыз  Республикасынын  ченемдик-укуктук  актылары  жөнүндөгү”  Мыйзамы;

– “Коррупцияга  каршы  аракеттенүү  жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;

– Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  “Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын

жүргүзүү  боюнча  типтүү  нускамасы  жөнүндөгү”  №120  Токтому;

Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар:

– Кыргыз  Республикасынын  “Бюджеттик  кодекси”;

– Кыргыз Республикасынын  “Бухгалтердик  эсеп  жөнүндө”  Мыйзамы;

– Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик  сатып  алуулар  жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз  Республикасынын  “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана

жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө” Мыйзамы;

-КР 2022-жылдын 2-февралындагы №25 Президенттин  жарлыгы  менен  бекитилген

“Иштеген  жылдары  үчүн  пайыздык  үстөк  акыларды  төлөө  үчүн  мамлекеттик

кызматтын  жана  муниципалдык  кызматтын  стажын  эсептөө  тартиби  жөнүндө”  Жобо

-Кызматтык  милдеттерин  аткаруу үчүн  зарыл  болгон  көлөмдө мамлекеттик (КР

Министрлер  кабинетинин  2025-жылдын 17-апрелиндеги  №211токтомуна ылайык) жана

расмий  тилдерди  билүү;

      Билгичтиги:

маалыматты  жыйноо,  талдоо,  системалаштыруу  жана  жалпылоо;

аналитикалык  документтерди  даярдоо;

тиешелүү  чөйрөдөгү  ата  мекендик  жана  чет  өлкөлүк  тажрыйбаны  талдоо  жана

практикада  колдонуу;

кесиптештер  менен  натыйжалуу  кызматташуу;

иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү;

эмгектин  жаңы  шарттарына  көнүү;

      Көндүмдөрү:  

ченемдик  укуктук  актылар  менен  иштөө  жана  аларды  тажрыйбада  колдонуу;

ишти  пландоо  жана  жумуш  убактысын  туура  бөлүштүрүү;

башкаруучулук  чечимдерди  ыкчам  ишке  ашыруу;

компьютердик  жана  уюштуруу  техникасын,  зарыл  болгон  программалык

продуктуларды  колдоно  билүү.

               

Сынакка  катышуу  үчүн  документтер:

–   бош  кызмат  ордун  көрсөтүү  менен  жеке  арыз  ( контакттык  телефон  номери,

электрондук почтасын көрсөтүү  менен);

–   кадрларды  эсепке  алуу  боюнча  баракча,  4  даана  3х4  өлчөмүндөгү  сүрөтү

менен;

–   резюме,  сунуш  каттары,  өмүр  баян  (соттолгондугу  жана  соттолбогондугу

жөнүндө  маалымат);

–   билими  жөнүндө,  квалификациясын  жогорулаткандыгы,  илимий  даража  же

илимий  наам  ыйгарылгандыгы  жөнүндө  дипломдордун  көчүрмөлөрү,  эмгек

китепчесинин,  паспортунун  көчүрмөлөрү,  аскер  билетинин  көчүрмөсү

дипломдорунун  көчүрмөлөрү;

Эскертүү: Конкурска  катышууну  каалаган  талапкерлер  “е-kyzmat”  мамлекеттик  порталындагы жеке  кабинет  аркылуу  электрондук  форматта  өтүнмө  бериш  керек.

Сынакка  катышуу  үчүн  керектүү  документтер  жарыя  Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына  жарыяланган  күндөн  тартып  14  календарлык  күндүн  ичинде  төмөнкү  дарек  боюнча  кабыл  алынат.

Кербен  шаары,  Ныязалы  көчөсү  №7,  Кербен  шаарынын  мэриясы,

А. Туманбаева Тел: 0771 771-015