Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
  • дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
  • Дело (документтер үчүн)

Документтер 2026-жылдын 5-июнь күнү саат 18-00го чейин, Баткен  шаарынын С.Сыдыков №48 көчөсүндөгү Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.  Тел.: 5-11-90, 0777 79 02 54.

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.

Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар

  1. Жалпы жоболор

1.1. Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары – Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;

1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;

1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар Башкармалыктын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды катмыйт;

1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.

  1. Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар

Баткен  облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

2.1.  Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы,  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси,  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №776 “Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосу жана типтүү штаттык түзүмү жөнүндө” токтому менен бекитилген типтүү жобосун жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

  1. Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине (эсепчи) (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар

Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

3.1.  Баткен облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адис – бухгалтерине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

– финансы же экономика тармагындагы жогорку билим (финансы жана кредит, бухгалтердик учет, анализ жана аудит адистиги боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы,  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси,  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”  мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы

№776 “Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосу жана типтүү штаттык түзүмү жөнүндө” токтому менен бекитилген типтүү жобосун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы “Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө” № 778-токтому,  2008-жылдын 15-январындагы “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” № 7 токтомун, 2018-жылдын 23-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын алдынкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 554 токтомун, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча” Жобону жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп системасын колдонуу;