Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жарандык мамлекеттик административдик кызмат орундарынын башкы жана улук тобунун ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы №43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” Жобосунун 2-главасынын 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук кызмат орундарынын ички резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Кадрлар резервинин башкы тобуна кирүү үчүн (алты бирдик) талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: Жогорку билим: Айыл чарба жана мал чарба, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика жана электротехника, инженер-механика, азык-түлүк жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү илимдер чөйрөсүндөгү. Иш стажы мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар : – Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; -Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”. Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн (10 бирдик) талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: Жогорку билим: Гуманитардык, социалдык, педагогикалык билим берүү, табият таануу, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу илимдер чөйрөсүндөгү. Иш стажы мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча стажы 3 жылдан кем эмес. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан коргоонун негиздери жөнүндө” Мыйзамы; “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”. Конкурска 2026-жылдын 5-июнуна чейин (акыркы күн 5-июнда саат 17.00) “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу төмөндөгү (сканерден өткөрүлгөн) документтерди тиркөө менен катыша алат: талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен); кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен; резюме сүрөтү менен (электрондук почтаны, байланыш номерин, ИНН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен); акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү; – акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн “Кыргызтестен” өткөн (В1) денгээлден төмөн эмес сертификатынын көчүрмөсү; – соттуулугу жок экендигин ырастаган маалымат; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспортунун көчүрмөсү. Эскертүү: Квалификациялык талаптарга ылайык келген, документтери белгиленген талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурска андан ары катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек. Эгерде талапкер тестирөөдөн өтүп калса, анда документтердин түп нускаларын өтүнмө берилген документтерге салыштыруу үчүн персаналды башкаруу кызматына ангемелешүү этабы башталганга чейин алып келип көрсөтөт. Зарыл болгон учурда комиссия тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн. Ош шаары, Алымбек датка көчөсү-221, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты. Байланыш номери: (03222) 7-03-33. 0557 10 12 10 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарына башкы жана улук мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.