Айыл өкмөтүнүн жер агрардык жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим ( агрардык, гидротехникалык, геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, архитектура жана курулуш, инженер жана башка техникалык, экологиялык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы; «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди электрондук вариантта тапшырылат: өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; эмгек китепчесинин көчүрмөсү ; илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын электрондук вариантта онлайн 2026-жылдын 16-июлуна тапшырууга болот. Кошумча суроолор менен Ысык-Көл району, Тамчы айылы , Манас көчөсү №36 дарегине кайрылсаңыздар болот. Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Атк.: Г.Рысалиева ( тел:0705-08-16-66 , раб: 03943-5-14-14) Жазуулар боюнча багыттоо Түп айыл өкмөтүнүн кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт