Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” № 43 Жарлыгына ылайык, башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн негизги ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик негизги укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, табият таануу илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, финансы жана экономика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди. Билгичтиги: – инфодокс ЭДБ (электрондук документ башкаруу) менен иштөө; иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – кириш-чыгыш документтер менен иштөө; – айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо; – инвестицияларды тартуу; бизнес долбоорлорду даярдоо; – жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалымат тыталдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; – айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иш, Е-кызмат, Санарип Аймак, ЭДБ (СЭД), калктын, инфраструктуранын, социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасынын иштөөсүн, айыл аймагынын веб-сайтын жүргүзүлүшүн жана иштешин, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү көзөмөлдөө. Жооптуу катчы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялыкаймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – Е-кызмат, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат тутумунун модулдары менен иш алып баруу, ЭДБ (электрондук документ башкаруу); – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – кириш-чыгыш документтер менен иштөө; – айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо; жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнү, мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; – Е-кызмат, Санарип Аймак, ЭДБ (СЭД), айыл аймагынын веб-сайтынын жүргүзүлүшүн жана иштешин, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча иш алып баруу. Финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кызмат орунда коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Финансы жана экономика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; – Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; – инфодокс ЭДБ (электрондук документ башкаруу) менен иштөө; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – бюджеттик жана салык мыйзамдарын, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды билүү жана практикада колдонуу; – жергиликтүү бюджетти түзүү, аткаруу жана талдоо; финансы-экономикалык көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүү жана негизделген корутундуларды даярдоо; – бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну уюштуруу жана контролдоо; – финансылык отчетторду даярдоо жана тиешелүү органдарга өз убагында тапшыруу; – киреше жана чыгаша бөлүктөрүн пландаштыруу; – мамлекеттик сатып алуулар процессин уюштуруу жана көзөмөлдөө; – бөлүмдүн ишин уюштуруу, кызматкерлердин ишин координациялоо; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; – социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгуу жана аткаруу ж.б. Муниципалдык мүлк жана кирешелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу, финансы жана экономика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – инфодокс ЭДБ (электрондук документ башкаруу) менен иштөө; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – аналитикалык талдоо жүргүзүү жана корутунду даярдоо; – эсеп-кысап иштерин жүргүзүү; – маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана талдоо; – салыктар жана кирешелер боюнча отчетторду даярдоо; – райондук салык кызматы менен иш алып баруу; – ижарачылар менен иш алып баруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; – айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин, мамлекеттик фондунун жер ресурстарын эсепке алуу, айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди пайдаланууну контролдоо ж.б. Жер маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитехтура жана курулуш). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; – инфодокс ЭДБ (электрондук документ башкаруу) менен иштөө; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – жер мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларды билүү жана практикада колдонуу; – жер участокторун каттоо, эсепке алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо; – жерге жайгаштыруу иштерин уюштуруу жана көзөмөлдөө; – жер ресурстарын пайдаланууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү; – жер маселелери боюнча жарандардын арыз-даттанууларын кароо; – жер участокторунун чек араларын тактоо жана тиешелүү материалдарды даярдоо; – жер боюнча отчетторду жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды түзүү; – мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара иш алып баруу; – компьютердик жана уюштуруучулук техниканы, тиешелүү программалык камсыздоону колдонуу; – документ жүгүртүүнү жүргүзүү жана расмий каттарды даярдоо; ишти пландаштыруу жана жоопкерчиликтүү аткаруу ж.б. Социалдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү, финансы жана экономика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлө Кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – инфодокс ЭДБ (электрондук документ башкаруу) менен иштөө; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – социалдык коргоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларды билүү жана практикада колдонуу; – социалдык колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруу; – калктын аярлуу катмарлары менен иш алып баруу; – жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу жана кароо; – социалдык муктаждыктарды аныктоо жана талдоо жүргүзүү; – тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара кызматташуу; – социалдык программаларды иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашырууга көмөктөшүү; – отчетторду жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо; – маалымат базалары менен иштөө жана документ жүгүртүүнү жүргүзүү; – купуя маалыматтарды сактоо; – коммуникациялык жөндөмдөр, жоопкерчилик жана адамдар менен иштөө маданияты; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – аймактагы аялдардын, балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо, укук коргоо органдарына, сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, диний радикализм, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы ж.б. Электрондук иш кагаздарын (СЭД) жүргүзүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, табият таануу илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу, финансы жана экономика багытындагы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; – инфодокс ЭДБ (электрондук документ башкаруу) менен иштөө; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; – мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү. Көндүмдөрү: – электрондук документ жүгүртүү системалары менен иштөө; – кириш жана чыгыш каттарды электрондук каттоо жана эсепке алуу; – электрондук архивди түзүү жана жүргүзүү; – документтердин аткарылышын көзөмөлдөө; – расмий каттарды, буйруктарды жана тескемелерди даярдоо жана форматтоо; – мамлекеттик тилде жана расмий стилде иш кагаздарын туура жүргүзүү; – маалыматтарды системалаштыруу жана базаларды жаңыртуу; – купуялуулукту сактоо жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу; – компьютердик жана кеңсе программаларын ишенимдүү колдонуу; – жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана каттоо; – ишти так, ыкчам жана жоопкерчиликтүү аткаруу; Е-кызмат, Санарип Аймак, ЭДБ (СЭД), айыл аймагынын веб-сайтынын жүргүзүлүшүн жана иштешин, калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча иш алып баруу. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер топтому: – жеке арызы; – кадрларды каттооо баракчасы; – өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат); – резюме; – сүрөт; – паспорттун көчүрмөсү; – керектүү кесиптик билими, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрөт); Сунуш каттарын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча). талапкерлердин документтерин жарыянын тексти массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Ош облусу, Араван району, Эрке-Кашка айылы, М.Султанов көчөсү – 45 дареги боюнча С.Юсупова айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат: Ал эми сынак өтө турган күнү жана орду талапкерлерге алдын ала кошумча билдирилет. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш тел.: 0772222284, 0552071280. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл өкмөтү