Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Нарын облусунун Нарын шаарында өткөн окутуучу семинарга катышты Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Нарын облусунун Нарын шаарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев, Кадр саясаты башкармалыгынын начальниги Мыктыбек Омурзаков, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Жыргал Маратбекова жана башка кызматкерлер катышты. Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты, коррупцияга каршы аракеттенүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, катышуучулар менен суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду. Ошондой эле, иш сапардын жүрүшүндө Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Агенттиктин Тест борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, борбордун ишин уюштуруу жана тестирлөө процессинин жүрүшү боюнча маалымат алды. Жазуулар боюнча багыттоо #ТазаКыргызстан #МенПараБербейм #МенПараАлбайм