Эльчибек Джантаев Ён Хван Ча менен жолугушту

Бүгүн, 2026-жылдын 7-июлунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Корея Республикасынын Өнүктүрүү институтунун (KDI) делегациясынын жетекчиси Ён Хван Ча менен жолугушту.

Жолугушуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишмердүүлүгүн баалоонун натыйжалуулугу» боюнча долбоордун жыйынтыктоочу миссиясынын алкагында өттү.

Тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоо системасын өркүндөтүү, эл аралык тажрыйбаны колдонуу, ошондой эле мамлекеттик кызматта заманбап санариптик инструменттерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Эльчибек Джантаев KDI тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө иштерине жана эксперттик колдоого ыраазычылык билдирип, долбоордун жыйынтыгында даярдалган сунуштар мамлекеттик кызмат системасын мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

#МамлекеттикКызмат #ЖергиликтүүӨзАлдынчаБашкаруу #KDI #ЭлАралыкКызматташтык #Кыргызстан

wpChatIcon
wpChatIcon