Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
11. “КР мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;
1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
2. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
4. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
6. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

7. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
7. «КР мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
3. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
4. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
6. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
7. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
8. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) Жогорку билим (баардык багыттагы);
2) Иш стажы жана тажрыйбасы;
– Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
1) Баардык багыттагы жогорку билим:
– Улук кызмат орундары – жогорку билим;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү жана төмөнкүлөрдү билүү:
– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
– Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
– Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде тапшыруу керек
– Өзүнүн арызы;
– Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал
– Диплом;
–  Эмгек китепчеси
– Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– Паспорту;
– Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

Документтердин түп нускасы аңгемелешүү учурунда көрсөтүлөт.

Эскертүү: Жөнөтүлгөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтер конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 2026-жылдын 11-августуна чейин кабыл алынат

wpChatIcon
wpChatIcon