KOICA жана Мамлекеттик агенттик «Менин айылым» долбоорун долбоордон кийинки колдоо боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту 2026-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте «Менин айылым» долбоорун долбоордон кийинки колдоо боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже, ошондой эле KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лим Со Ён катышты. Салтанатта сөз сүйлөгөн Мамлекеттик агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич KOICA менен көп жылдык өнөктөштүктүн маанисине токтолду: «KOICA көп жылдан бери Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик башкарууну чыңдоо багытындагы эң ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшүбүз болуп келет. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, CIAT (Потенциалды жогорулатуу боюнча окутуу программасы) сыяктуу стипендиялык программалардын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Корея Республикасында магистрдик даражаларды алып, квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Ал эми KOICAнын бүтүрүүчүлөрү алган билимдерин практикада ийгиликтүү колдонуп, мамлекеттик реформаларды ишке ашырууга олуттуу салым кошуп жатышат». Ал ошондой эле жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары «Менин айылым» долбоорун долбоордон кийинки колдоо боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын белгиледи. Кол коюлган Меморандум 2019–2023-жылдары Чүй, Ош жана Баткен облустарынын 30 айылында ишке ашырылган «Менин айылым» долбоорунун алкагында жетишилген жыйынтыктарды бекемдөөгө жана айылдык жамааттарды мындан ары колдоого багытталган. Корея Республикасынын Элчиси Ким Квангдже айылдардын туруктуу өнүгүүсү тургундардын өздөрүнүн активдүү катышуусу менен гана мүмкүн экенин белгиледи. «Долбоор жалпы максаттын айланасында бириккен тургундар өз айылдарынын өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айлана аларын көрсөттү. Бүгүн кол коюлган Меморандум жетишилген натыйжаларды бекемдөөгө жана ийгиликтүү демилгелерди улантууга мүмкүнчүлүк берет», — деп баса белгиледи Элчи. Өз кезегинде KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лим Со Ён долбоордун негизги максаты жергиликтүү жамааттардын өз алдынча өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, тургундардын коомдук турмушка активдүү катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана алардын кирешелерин көбөйтүү экенин айтты. Тактап айтканда, долбоордон кийинки колдоо кирешелерди көбөйтүүгө багытталган демилгелерди өнүктүрүүгө, мурда түзүлгөн объектилерди калыбына келтирүүгө жана туруктуу пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү лидерлердин потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул колдоонун жалпы бюджети 670 миң АКШ долларын түзөт жана ал 2026–2027-жылдары Ош жана Баткен облустарында ишке ашырылат. Тараптар Меморандумга кол коюу кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары чыңдоодо жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү кадам болорун белгилешти. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууда. Мамлекеттик агенттикте Корея Республикасынын Өнүктүрүүгө расмий жардам (ODA) боюнча мониторингдик миссиясынын делегациясы менен жолугушуу өттү