Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жээк айыл ѳкмѳтү муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы жана укук административдик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл ѳкмѳтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптар: • Кыргыз Республикасынын жараны болууга; • 18 жашка толгон болууга; Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; мыйзамдарда каралган учурларда кызмытчынын ишин жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; мыйзамдарда каралган учурларда кызмытчынын ишин жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А)-1 бирд. 1. Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим 2. Стажы жана иш тажрыйбасы: • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы; же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. 3. Профессионалдык компетенттүүлүгү- төмөнкүлөрдү билүү: • Кыргыз Республикасынын Конституциясын; • Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; • Кыргыз Республикасынын “Суу кодекси”; • Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; • “Администрациялык – аймактык түзүлушү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнундө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; • “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; • «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; • «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; • “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; • Эмгек мыйзамдарын; • Коррупцияга каршы мыйзамдарды; • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Этика кодексин; • Кызматтык иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартибин; • Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды. Билгичтиктери • башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу; • кызматкерлердин ишин уюштуруу жана координациялоо; • ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо; • жарандардын кайрылууларын кароо; • мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү; • сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; • аналитикалык маалыматтарды даярдоо. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар ( У-Б) – 1 бирд. 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү чөйрөдөгү жогорку билим: геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура, айыл чарба, агрономия, картография, юриспруденция, курулуш, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы билим; 2. Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3. Профессионалдык компетенциялар: Билим: – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, – «Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси», – «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө», – «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жѳнүндѳ», – «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», – Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү» Жобо, – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» Жобо; билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Конкурска катышууну каалаган талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат – https://kyzmat.gov.kg – Жеке арызы, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматты көрсөтүү менен), резюме жана сүрөт; – Паспорттун көчүрмөсү; – Талап кылынган кесиптик билимин тастыктаган документтер (диплом) – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлүндүрүлгөн; – Эмгек китипчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорлатуу, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлүндүрүлгөн. Документтер “Конкурска” деген белгиси бар папка-скорошивательге тиркелип ташшырылышы керек. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт. Ачык конкурска катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 19-августунан 2-сентябрына чейин (кошо алганда) саат 17:30га чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Дмитриевка айылы, Ленин көчөсү №75. Байланыш телефондору: 0705889996 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы ачык сынак жарыялайт