Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы ПЖ №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы топтогу кызмат орундарына конкурс жарыялайт: Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: Жалпы мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; Билгичтиги жана көнүмдөрү: билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; -ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Атмосфералык абаны коргоо багыты боюнча: 1)кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку кесиптик: экология жана жаратылышты пайдалануу, метеорология, айлана-чөйрөнү коргоо, юридикалык. Предметтик мыйзамдар: 1)“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2)“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Озон катмарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)«Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)«Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобону жана чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому; 6)Кыргыз Республикасынын «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамы. Ченемдик-укуктук камсыздоо багыты боюнча: 1)Кесиптик билимдин деңгээли: -юриспруденция жаатындагы жогорку билим. Предметтик мыйзамдар: 1)“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2)“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы №152 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө” жобосу; 4)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө” Жобосу. Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет: Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. – жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; – илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт. Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2 дареги боюнча 2026-жылдын 21-августунан баштап 30-августка чейин саат 18.00го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефондор: 904040 (1731). Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти