Кара-Балта шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт. Талапкер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болушу; 2) Кеминде 18 жашта болушу; 3) Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (У-Б) 1. Мэриянын уюштуруу иштери, чечимдердин аткарылышын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы адиси 1. Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында болгону артыкчылыктуу; 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенциялар: – Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө», «Аксакалдар соттору жөнүндө», «Тынчтык жыйындары жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 2. Мэриянын уюштуруу иштери, чечимдердин аткарылышын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн укуктук камсыздоо боюнча башкы адиси 1. Кесиптик билим деңгээли: – юриспруденция адистиги боюнча жогорку билим; 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенциялар: – Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Эмгек кодекстери, Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Маалымат алуу укугу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө»; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 4. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчик объекттерин эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы. 1. Кесиптик билим деңгээли: – Экономика жана башкаруу, юриспруденция, саясат таануу, эл аралык мамилелер, архитектура жана курулуш, геодезия жана жер жайгаштыруу, техникалык илимдер багыттары боюнча жогорку билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенциялар: – Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик укугун же ижара укугун акы төлөө негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобосун. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 4. Жөндөмдөр: – маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу. – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле зарыл болгон программалык продуктуларды колдонуу. 5. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын документтик-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы. 1. Кесиптик билим деңгээли: – экономика жана башкаруу, юриспруденция, саясат таануу, эл аралык мамилелер, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, техникалык илимдер багыттары боюнча жогорку билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3.Кесиптик компетенциялар: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик укугун же ижара укугун акы төлөө негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобосу; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 4. Жөндөмдөр: – маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу. – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле зарыл болгон программалык продуктуларды колдонуу. Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта мамлекеттик «е-Kyzmat» (https://kyzmat.gov.kg/) порталы аркылуу жеке кабинети менен тапшыра алышат. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет: – административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтер жана маалыматтар толук көлөмдө болбогон же талаптарга жооп бербеген учурда кабыл алынбайт. Документтер жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, 2026-жылдын 19-августунан 3-сентябрына (кошкондо) чейин, саат 8:30 дан 17:30 га чейин, төмөндөгү даректе кабыл алынат: Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көч., № 14 (318 каб.) Маалымат үчүн телефон: +996557241121 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы ачык сынак жарыялайт Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт