Чолпон-Ата шаардык мэриясынын чыгашалар боюнча башкы адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: тиешелүү багыттагы жогорку билим (Экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, салыктар жана салык салуу багыттары) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; – Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамдарды билүүсү зарыл; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышууга ниеттенген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет: – өзүнүн арызы; – резюме; – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 25-августунан 3-сентябрына чейин (кошкондо) жүргүзүлөт. ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек. Эскертүү: Документтер толук берилбеген учурда, конкурстук комиссия тарабынан четке кагылат. Кошумча маалымат алуу үчүн дарек: Чолпон-Ата шаардык мэриясы Чолпон-Ата ш. Совет көчөсү 75д. Тел.0394342000, 0394342961 Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаарынын мэриясынын улук административдик муниципалдык кызмат ордуларына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт: