Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн улук топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт. Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт: – сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо; – мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү; – аңгемелешүү. Кызматтардын улук тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – Жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенциялар: – жалпы мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; – билгичтиги: • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; • аналитикалык документтерди даярдоо; • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышууну каалаган конкурсанттар «е-Kyzmat» https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө (сканерленген документтер) төмөнкү документтер берилет: – электрондук форматта өтүнмө беришет; – жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө , чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын тастыкташат. Арызга электрондук форматтагы төмөнкү документтер тиркелет (сканерленген документтер): – негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин сканерленген көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин сканерленген көчүрмөсү; – паспорт (түп нускасы конкурстун ар бир этабында көрсөтүлөт). Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-августунан 10-сентябрга чейин. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: (0312) 64-16-85 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти