Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим же бакалавр , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча. 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3). Жалпы мыйзамдар. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама Предметтик мыйзамдар. 1.Кыргыз Республикасынын Жер кодекси: 2.Кыргыз Республикасынын ” Бухгалтердик эсеп жөнүндө” : 3.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”: 4.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” : 5.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; 6.Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим же бакалавр, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча. 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Жалпы мыйзамдар. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар. 1.Кыргыз Республикасынын Жер кодекси: 2.Кыргыз Республикасынын ” Бухгалтердик эсеп жөнүндө” : 3.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”: 4.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” : 5.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; 6.Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси. III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн: -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл: -өздүк арыз; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) -кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы; -сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ; -билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); -эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); -жарандык паспорт (көчүрмөсү); -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Молдо Нияз айыл өкмөтү Алга айылы Кожо Аманов №2 Жазуулар боюнча багыттоо Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Мамлекеттик кызмат орундарынын улук кызмат орундарына кадрлар резервине (башкармалыктын каржы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна) киргизүү үчүн 2026-жылдын 9-сентябрынан 22-сентябрына чейин ачык сынак жарыялайт.