Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын БАШКЫ (башкармалыктын башчысы, бөлүмдүн башчысы) жана УЛУК (сектордун башчысы, башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2026-жылдын 21-сентябрынан тартып 1-октябрына чейин ачык конкурс жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– гуманитардык илимдер, «экономика жана башкаруу», педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы.
4) билгичтиги:
– 2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес;
– мыйзамдарда каралган учурларда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү расмий тилди билүү;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүү;
– компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
– компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
– статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү.
– тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө.
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана оңдоо).
– тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу.
– диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө).
– компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж. б):
– электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү.
– ар кандай браузерлер менен иштөө.
– кеңсе техникасы менен иштей билүү.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-гуманитардык илимдер, «экономика жана башкаруу», педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
билими:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы.
4) билгичтиги:
-2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес;
-мыйзамдарда каралган учурларда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү расмий тилди билүү;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүү;
-компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
-статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү.
-тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө.
-файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана оңдоо).
-тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу.
-диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө).
-компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж. б):
-электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү.
-ар кандай браузерлер менен иштөө.
-кеңсе техникасы менен иштей билүү.
Конкурска катышууга ниет билдирген талапкерлер арызды «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта бере алышат: https://kyzmat.gov.kg/.
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет:
— жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими – болгон учурда), тиркемелери менен;
—эмгек китепчеси, анын тиркемелери менен;
— илимий даражасы же илимий наамы жөнүндө документ (болгон учурда);
— квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (болгон учурда).
Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 21-сентябрынан тартып 1-октябрына чейин Байланыш телефону: (0312) 62-05-09,
(КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмекова А.)

wpChatIcon
wpChatIcon