Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, улуттук нарк-насилин, дүйнө таанымын жана руханий мурасын муундан муунга жеткирген ыйык дөөлөт. Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү — ар бирибиздин жалпы милдетибиз. Мамлекеттик тил мамлекеттик башкарууда, билим берүүдө, илимде, маданиятта жана коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулуп, өнүгүп-өсүшү үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошууга тийишпиз. Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн негиздеринин бири, элибиздин биримдигин бекемдеген баалуулук. Эне тилибиздин кадырын барктап, аны урматтап, таза сүйлөп, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берели! Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак жана элибизге тынчтык, мамлекетибизге өнүгүү каалайм. Мамлекеттик тилибиздин кадыры артып, келечеги кең болсун! Урматтоо менен, Эльчибек Джантаев Жазуулар боюнча багыттоо Агенттикте Мамлекеттик тил күнү белгиленди