Мамлекеттик агенттикте И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн «Ачык эшиктер күнү» өттү Бишкек ш., 2026-жылдын 25-сентябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытында билим алып жаткан 1–3-курс студенттери үчүн «Ачык эшиктер күнү» болуп өттү. Иш-чара Агенттик менен И. Арабаев атындагы КМУнун кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, бул багыттагы студенттер үчүн Агенттикте биринчи жолу өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — келечектеги адистерди мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өзгөчөлүктөрү, кадрларды тандоонун ачык-айкын механизмдери, кадр саясаты жаатындагы реформалар жана заманбап технологиялар менен тааныштыруу. Агенттиктин Басма сөз-катчысы Сураган Босумбаев жана Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын тестирлөө бөлүмүнүн башчысы Самаган Карыя студенттерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине кирүү үчүн өткөрүлүүчү компьютердик сынактардын тартиби, ошондой эле «СынакТестирлөө» автоматташтырылган маалыматтык системасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, студенттер талапкерлерди тандоодо колдонулган заманбап инструменттер менен таанышты. Аларга талапкерлердин кесиптик сапаттарын жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоого багытталган мультипсихометрдик тестирлөөнүн, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана кадрларды тандоонун объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында колдонулган полиграфтык тестирлөөнүн (калп детектору) мүмкүнчүлүктөрү жана өткөрүү тартиби түшүндүрүлдү. Студенттер заманбап тестирлөө залдарынын иши менен таанышып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланыштуу суроолоруна адистерден жооп алышты. Мындай иш-чаралар жаштардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги адистердин практикалык түшүнүгүн кеңейтүүгө жана кадрларды тандоонун ачык-айкын механизмдери тууралуу маалымат берүүгө өбөлгө түзөт. Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар Агенттик менен КМУнун студенттеринин ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жазуулар боюнча багыттоо «Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Program) программасы боюнча Японияда узак мөөнөттүү 2027–2028-жылдарга окуу курсуна кабыл алуу узартылды АГЕНТТИКТЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ОНЛАЙН БРИФИНГ ӨТТҮ