Ош облусунун Чоң -Алай районунун Чоң -Алай айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Чыгымдар жана сатып алуулар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Гуманитардык илимдер, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

“Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги: 

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө;

– “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу);

– калктын инфраструктураларынын социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү;

– айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштешин камсыз кылуу.            

Көндүмдөрү: 

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, Социалдык илимдер, Гуманитардык илимдер, Педогогикалык билим берүү, Табият таануу илимдери, Саламаттыкты сактоо, Тейлөө сферасы, Маданият жана искуство).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасында жарандардын ден-соолугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Балдардын укутары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Майыптардын укуктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана  практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу).

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталынан жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат – https://kyzmat.gov.kg. Арызга электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн) төмөнкү документтер тиркелет:

– жогорку кесиптик билиминин (негизги жана кошумча – болгон учурда) бар экендигин ырастоочу документ, анын ичинде тиркемелери;

– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча баракчалары;

– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин ырастоочу документ (болгон учурда);

– квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (болгон учурда).

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жарыянын тексти массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн.

Сурап билүү үчүн тел.: 0995393915, 0558888949

wpChatIcon
wpChatIcon