Эльчибек Джантаевдин демилгеси менен Сүлүктүдөгү улгайган жарандарга колдоо көрсөтүлдү
1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаевдин демилгеси менен Сүлүктү шаарындагы жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге колдоо көрсөтүлдү.
Аталган мекемеде учурда 16 жаран жашайт. Аларга күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар жана шаймандар, ошондой эле ар түрдүү азык-түлүктөрдөн турган белектер жеткирилди.
Колдоо иш-чарасы Агенттиктин эмгек жамаатынын каржылык көмөгү менен уюштурулду.
Белектерди Агенттиктин 2-аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси С.У. Артыков жеринде тапшырып, Агенттиктин директору Эльчибек Джантаевдин атынан мекеме тургундарын Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Куттуктоодо улуу муундун өкүлдөрүнө урмат көрсөтүү, алардын көңүлүн көтөрүү жана камкордукка муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү маанилүү экендиги белгиленди.
Өз кезегинде социалдык стационардык мекемеде жашап жаткан жарандар көрсөтүлгөн жардамга жана жылуу каалоо-тилектерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Эльчибек Джантаевдин демилгеси менен уюштурулган бул иш-чара Агенттиктин эмгек жамаатынын коомдук жоопкерчиликке, адамгерчиликке жана өз ара колдоого өзгөчө көңүл бурарын көрсөтөт.
Улуу муунга урмат көрсөтүү – улуттук баалуулуктарыбыздын бири. Ал эми камкордукка муктаж адамдарга көңүл буруу – ар бирибиздин адамдык милдетибиз.
wpChatIcon
wpChatIcon