Талас  райондук мамлекеттик администрациясы  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде  улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

Мамлекеттик жарандык  кызмат орундарынын  улук тобуна.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1)  Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2)  21 жаштан жаш болбоого;

3)  мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

1 . Административдик кызмат орундарынын улук тобу

(иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис)

(У-А) -1 штаттык бирдик

 

  • кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер, тейлөө, техникалык жана гуманитардык илимдер багытындагы  жогорку билим.

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

 

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Конституциялык Мыйзамы;

  1. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

  1. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы;

  1. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана мунципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 266 Жарлыгы.

 

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

көндүмдөрү:

  • иш кагаздарын жүргүзүүдөгү маселелерди натыйжалуу чечүү;
  • аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
  • мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;

– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасын көрсөтүү менен);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо түп нускасын көрсөтүү менен);
  • илимий даражаны жана    илимий   наамды    (бар    болсо)              ыйгаруу   жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 12-октябрынан 2026-жылдын 21-октябрына чейин онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

https://youtu.be/QURPIVr6z_E?si=evFh70sflA4BojKr

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Дареги: Талас району, Көк-Ой  айылы,  Манас көчөсү № 99

 

wpChatIcon
wpChatIcon