Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Талас регионалдык башкармалыгынын кадрлар резервине сынак төмөнкүдөй өткөрүлөт: Бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобун (экология жана жаратылыш пайдалануу багыты боюнча) ээлөөгө. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. 1) Административдик кызмат орундарынын улук тобу У-А ( экологиялык экспертиза жана аналитика багыты боюнча) үчүн: 1) кесиптик билимдин деңгээли: Жаратылыш колдонуу жана экология, токой иштери жана ландшафтык курулуш, тоо иштери, биология, геология жана техносфералык коопсуздук, экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспуденция жаатындагы жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” Мыйзамы; Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетентүүлүк) билүү. – билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – башкаруу проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү. – көндүмдөрү: – экспертиза обьекттерине мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу; – аналитикалык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу. 2) Административдик кызмат орундарынын улук тобу У-Б ( экологиялык экспертиза жана аналитика багыты боюнча) үчүн: 1) кесиптик билимдин деңгээли: Жаратылыш колдонуу жана экология, токой иштери жана ландшафтык курулуш, тоо иштери, экономика, биология, геология жана техносфералык коопсуздук боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспуденция жаатындагы жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” Мыйзамы. Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетентүүлүк) билүү. – билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны тажрыйбада колдонуу; – кызматтык нускамаларга ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо; – командада иштөө. – көндүмдөрү: – айлана-чөйрөнү коргоо жаатында иштерди жургүзүү; – экспертиза обьекттерине мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны тажрыйбада колдонуу; – аналитикалык документтерди иштеп чыгуу; – башкаруу ченемдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө; – башкаруу чечимдерин тез арада ишке ашыруу. 3) Административдик кызмат орундарынын улук тобу У-А (бухгалтердик эсеп, кадр жана иш кагаздары багыты боюнча) үчүн: 1) кесиптик билимдин деңгээли: Экономика боюнча жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси; Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 266 Жарлыгы. Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетентүүлүк) билүү. -билгичтиги: – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны тажрыйбада колдонуу; – өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. -көндүмдөрү: – экономикалык маселелери боюнча финансалык иштерди жүргүзүү; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – 1С программасы менен иштөө. 4) Административдик кызмат орундарынын улук тобу У-Б (бухгалтердик эсеп, кадр жана иш кагаздары багыты боюнча) үчүн: 1) кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо. Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетентүүлүк) билүү. – билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү. – көндүмдөрү: – иш кагаздарын жүргүзүү, кадрдык иш-чараларды уюштуруу жана тейлөө. 5) Административдик кызмат орундарынын улук тобу У-А (Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк багыты боюнча) үчүн: 1) кесиптик билимдин деңгээли: Жаратылыш колдонуу жана экология, токой иштери жана ландшафтык курулуш, экономика, табият таануу илимдери, биология, география жаатындагы жогорку билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Мыйзамы. Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетентүүлүк) билүү. – билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу; – аймактарда биотехникалык (репродуктивдүү) иш-чараларды жүргүзүү; – аңчылыкты пайдалануучунун мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди сактоосунда текшерүү жүргүзүү үчүн мамлекеттик мергенчилик текшерүүнү жана көзөмөлдү белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдардын тоскоолдуксуз киргизүүгө жана берилген жазма буйрукту өз убагында аткарууга; – жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттилерин кароо, көбөйтүү (өстүрүү) жана пайдалануу жаатындагы ишти жүзөөгө ашырууда текшерилүүчү юридикалык жана жеке жактарга аныкталган кемчиликтериди жана бузууларды четтеттүү боюнча көрсөтмөлөрдү берүү; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – кызматтык милдеттерге ылайык иштерди натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо; – соттук териштирүүгө катышуу; – командада иштөө. көндүмдөрү: -иш кагаздарын жүргүзүү; – соттук териштирүүлөр боюнча материалдарды сактоо жана дооматтарды берүү; – мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – компьютерге, оргтехникага жана керектүү программалык продуктуларга ээ болуу. Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруу тартиби: Сынакка катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет. Өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына белгиленген тартипте өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун тутумда тастыктайт. Өтүнмө электрондук форматта (сканерленген түрдө PDF форматында) төмөнкү документтер тиркелет: Жогорку кесиптик билими бар экендиги тастыкталган документ (негизги жана кошумча эгерде бар болсо), анан ичинде тиркемелери (баалары жазылган баракчасы менен); Эмгек китепчеси (бардык толтурулган барактары жана кошумча баракчалары менен); Илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); Квалификациясы жогорулатуу жөнүндө сертификаттар, документтер (эгерде бар болсо). Арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 25-сентябрынан тартып 4-октябрына чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: (0709 114555). Жазуулар боюнча багыттоо Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт