Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

Мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна; Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;2) 21  жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн                                           (башкы адис): 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

 

       2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Конституциялык Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат    жөнүндө» Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана “Допингге каршы улуттук борбор” допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобосу 20.12.2024-ж. № 776;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иш-сапар чыгымдардын нормаларын белгилөө жана тартип менен ордун толтуруу жөнүндө” токтомун 26.08.2008-ж. № 471;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук мекемелерде тамактануун акчалай нормалары жөнүндө” токтомун 15.01.2008-ж. № 7;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомун 10.02.2012-ж. № 85;
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жетектөөчү спортсмендердин стипендиясы жөнүндө” токтомун 23.11.2018-ж. № 554;
  10. Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта иштеген стажына пайыздык үстөк акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө 02.02.2022-ж. № 25.

 

– билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

–  тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык         продуктыларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасын көрсөтүү менен);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо түп нускасын көрсөтүү менен);
  • илимий даражаны жана    илимий   наамды    (бар    болсо)              ыйгаруу   жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

 

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 15-август күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так болушу керек.

 

Дареги: Талас шаары Манас көчөсү №43,  Тел. /03422/ 5-31-01. Моб. 0557855814; 0700144023(whatsapp)

wpChatIcon
wpChatIcon