Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:

– мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде  талапкерлерди компьютердик тестирлөө;

– Маектешүү.

  1. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим:  гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

Жалпы Мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  2. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
  3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамы
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

Предметтик мыйзамдарды билүү

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

 

Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу, тиешелүү аймакты көрсөтүү менен электрондук түрдө арыз бере алышат;

Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөр түрүндө) тиркелиши керек:

— жогорку кесиптик билимди (негизги жана кошумча, эгер бар болсо) тастыктоочу документ, анын ичинде транскрипттер/тиркемелер;

— эмгек китепчеси, анын ичинде ага киргизилген кошумча барактар;

— илимий даражаны же илимий наамды тастыктоочу документ (эгер бар болсо);

— кесиптик өнүгүүнү/квалификацияны жогорулатууну тастыктоочу документ (эгер бар болсо).

Талапкерлер:

1) арыздарын аймакты көрсөтүү менен, бир гана электрондук түрдө тапшырышы керек;

2) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек;

Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды тапшырган талапкерлер сынакка катышууга коюлбайт. Сынак өткөрүлгөн мезгил ичинде талапкер өзүнүн электрондук почта дарегине жана “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтар менен билдирмелерди өз убагында карап турууга милдеттүү.

Сынакка катышуу үчүн документтер электрондук форматта гана кабыл алынат.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү — 2026-жылдын 15-октябрынан 25-октябрына чейин.

 

wpChatIcon
wpChatIcon