Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:

 

– улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө квалификациялык талаптар (У-А, У-Б):

– Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

– мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого;

– кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

          Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  2. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
  3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамы
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

Кесиптик билими:

жогорку билими (“Экономика жана башкаруу” багыты боюнча “Экономист”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыты боюнча, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:
– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактарды мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын: “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;
  •  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жобосу”;

билгичтиги:

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны     практикада колдонуу;

– кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына көнүү;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

– издөө системаларын колдонуу;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

– оргтехника менен иштөө;

– көчүрүүчү машиналар менен иштөө;

– принтер менен иштөө;

– сканер менен иштөө;

– проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;

– факс менен иштөө.

 

көндүмдөрү:

– Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

– Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– Компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк).

Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу, тиешелүү аймакты көрсөтүү менен электрондук түрдө арыз бере алышат;

Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөр түрүндө) тиркелиши керек:

— жогорку кесиптик билимди (негизги жана кошумча, эгер бар болсо) тастыктоочу документ, анын ичинде транскрипттер/тиркемелер;

— эмгек китепчеси, анын ичинде ага киргизилген кошумча барактар;

— илимий даражаны же илимий наамды тастыктоочу документ (эгер бар болсо);

— кесиптик өнүгүүнү/квалификацияны жогорулатууну тастыктоочу документ (эгер бар болсо).

Талапкерлер:

1) арыздарын аймакты көрсөтүү менен, бир гана электрондук түрдө тапшырышы керек;

2) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек;

Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды тапшырган талапкерлер сынакка катышууга коюлбайт. Сынак өткөрүлгөн мезгил ичинде талапкер өзүнүн электрондук почта дарегине жана “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтар менен билдирмелерди өз убагында карап турууга милдеттүү.

Сынакка катышуу үчүн документтер электрондук форматта гана кабыл алынат.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү — 2026-жылдын 15-октябрынан

25-октябрына чейин.

 

 

 

Конкурс жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  веб-сайтында www.stat.gov.kg  жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында www.mkk.gov.kg жарыяланат.

 

Документтер 2026-жылдын 14-октябрынан баштап 21-октябрына чейин (ишемби жана жекшембиден тышкары) саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү даректе кабыл алынат:

Дареги: Каракол ш., Кутманалиева к,114 Каракол шаардык статистика башкармалыгы, байланыш номуру: 5-29-45,0705 944 200

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.

 

wpChatIcon
wpChatIcon