Таш-Көмүр шаардык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук кызмат орундарын ээлөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт:

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү  квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу;

Мамлекетик жана муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнундө»
  5. «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамы;

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • Жеке арызы;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • өмүр баяны
  • сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама;
  • Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтер (акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчурмөсү)
  • Паспорт көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

 

 

Документтер:    Жарыя чыккан күндөн баштап, 10 жумушчу күндүн ичинде саат 8:30-17:30га чейин кабыл алынат.

 

Дареги:      Таш-Көмүр шаары,А.Жолдошбаев №14/1көчөсү

Сурап билүү байланыш номери:     (03745)5-02-26;

wpChatIcon
wpChatIcon