Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы юрист кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Юрист-башкы адис кызмат ордуна  квалификациялык (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик  билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Юриспруденция, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архиткетура жана курулуш, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багыттары боюнча).

2) Иш стажы  жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү  билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

– Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар  жөнүндө” кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы №427 “Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” Токтому;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылдар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык – — продуктуларды колдоно  билүү.

Талап кылынуучу документтер:

– жеке арызы;

– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү  жана  сүрөтү  менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) тактама;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү;

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек:

Талапкерлер “Е кызмат” системасынын порталы, “Колдонуучунун жеке кабинет модулу  боюнча  ( https://gov.kg/kg ) электрондук  форматта  конкурска  катышуу үчүн  өтүнмө  жана  өзүңүздөргө  тиешелүү документтерди  толтуруп  тапшыра  аласыздар.

Талап кылынуучу документтер:

  • – жеке арызы;
  • – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү  жана  сүрөтү  менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) тактама;
  • – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • – паспорттун көчүрмөсү;

 

Жөнөткөн документтери толук  эмес, ошондой эле белгиленген талапка жооп бербеген жарандарга конкурска катышууга уруксат берилбейт.

Сынака катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек.

Конкурска катышууга уруксат берилген талапкерлерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү, орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Документтер, жарыянын тексти Агенттиктин веб-сайтына (www.mkk.gov.kg) жарыяланган күндөн тартып  2026-жылдын  20-октябрдан  2026-жылдын  30-октябрга чейин Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Акимбаев көчөсү № 81 дареги боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.

Байланыш үчүн тел.:  0704 51 50 04

wpChatIcon
wpChatIcon