Эльчибек Джантаевдин Жергиликтүү жамааттар күнү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл толушу менен куттуктоосу Урматтуу жергиликтүү жамааттар! Сиздерди Жергиликтүү жамааттар күнү жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түптөлүшүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — аймактарды өнүктүрүүнүн, элдин жашоо сапатын жакшыртуунун жана жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүнүн маанилүү институту. Бүгүнкү реформалардын максаты — башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү. Улуттук баалуулуктарыбызды сактап, ынтымакты бекемдеп, эл менен бирге өнүгүүгө карай ишенимдүү кадам таштайлы! Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм. Айылдарыбыз менен шаарларыбыз өнүгүп, элибиздин жашоо-турмушу жакшыра берсин! Күчтүү жамаат — күчтүү аймак, күчтүү аймак — күчтүү Кыргызстан! Урматтоо менен, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Жазуулар боюнча багыттоо Коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттары: мамлекеттик кызматчынын күнүмдүк ишинде эмнелер өзгөрүшү керек? Эльчибек Джантаев менен ачык диалог күнү жыйынтыкталды