Квалификациялык талаптар (У-Б) Улук административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: 1. Кесиптик билимдин деңгээли:- тийиштүү багыттагы жогорку билим юриспруденция багытында. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: -Улук кызмат орундарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы 1 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча стажы 3 жылдан кем эмес. (У-Б) административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды: Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: 1.Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча үлгүлүү нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомуна тиркелет) 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамы (2026); 5) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы 6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө 7) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 «Жрандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 1) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамы 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтомуна тиркелген “Муниципалдык мүлккө карата ижара келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо” 3) Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому 5) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси 6) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси 7) Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси» – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; Түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; -Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган арызы; – Кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян; – 3х4 өлчөмдө 4 даана түстүү сүрөт; – Паспорттун көчүрмөсү (оргиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт); – Жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (көчүрмө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн) Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн) Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Конкурс өтүүчү дареги: Ат-Башы району, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү. М.Өмүракунов көчөсү №85. Тел: 0(701)162929, Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы