Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын:

I.Жарандык административдик кызмат орундарынын башкы тобуна (Бишкек ш. – 1-бирдик):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидротехникалык курулуш; гидротехникалык курулмалар; гидромелиорация; айыл чарба объекттерин суу менен камсыз кылуунун, обводдоонун жана суу агызуунун инженердик системалары; суу ресурстары жана суу пайдалануу; суу ресурстарын башкаруу; суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо; жерлерди мелиорациялоо, рекультивациялоо жана коргоо; жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу; суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу; гидрогеология; гидрология; архитектура жана курулуш; өнөр жайлык жана жарандык курулуш
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1) Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
– «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндө жобону;
– Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. МСН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлонун негизги жоболору (МСН 3.04-01-2005, СНиП 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону СНиП 2.06.15-85; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2) Билгичтиги:
– коргоо курулмаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды, көрсөтмөлөрдү жана методикалык материалдарды билүү;
– аткарылуучу иштердин түрлөрүн, өндүрүштүн технологиясынын негиздерин жана уюмдун өндүрүштүк пландоосун уюштуруун билүү;
– оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүштүк программаларын жана календарлык графиктерин иштеп чыгуунун тартибин билүү;
– эмгекти коргоо, коопсуздук чаралары, өрткө каршы эрежелерди жана ченемдердин билүү;
– долборлоо сметалык документтерди түзүү, чиймеп чийүү;
– селди коркунучсуз өткөрүү үчүн коргоочу курулмаларды өз убагында даярдоо жана кырсыктан алдын ала сактоону, же кырсыкты жок кылуу үчүн иш чараларды өткөрүү;
– дефекттүү актылар, сметаларды жана иш чаралар боюнча зарыл жумуштар түзүү;
– аналитикалык иш-кагаздарды түзүү;
– презентация жасоого жөндөмдүү.
3.3) Көндүмдөрү:
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоноо билүү;
– геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткү түшүрүү.
II. Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Бишкек ш. – 2-бирдик, Талас ш. – 1-бирдик, Каракол ш. –1 бирдик):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидротехникалык курулуш; гидротехникалык курулмалар; гидромелиорация; айыл чарба объекттерин суу менен камсыз кылуунун, обводдоонун жана суу агызуунун инженердик системалары; суу ресурстары жана суу пайдалануу; суу ресурстарын башкаруу; суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо; жерлерди мелиорациялоо, рекультивациялоо жана коргоо; жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу; суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу; гидрогеология; гидрология; жерге жайгаштыруу жана кадастр; агроинженерия; геодезия жана жерге жайгаштыруу; архитектура жана курулуш; өнөр жайлык жана жарандык курулуш; өзгөчө кырдаалдардан коргонуу
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”;
– Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2. Билгичтиги:
– толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
– объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
– технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;
– Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;
– техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;
– аналитикалык иш – кагаздарды түзүү;
– презентация жасоого жөндөмдүү
3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.
III.Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Документтер 2026-жылдын 4-ноябрынан тартып 18-ноябрына чейин кабыл алынат.
Талас шаары, Ч.Айтматов көч. 370, Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0559112396;
Бишкек шаары, Осмонкула көч. 128, Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0550943239;
Каракол шаары, Алыбаков көч. 87, Ысык-Көл облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнө, тел.: 0551227219;
Бишкек шаары, Манас проспекти,101/1, 1 кабат, 103 кабинет, тел.: 0558112400 кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.
Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg) сайттарынан алса болот.
Эскертүү: Белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана документтерди жана маалыматтарды толук көлөмдө тапшырбаган жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

wpChatIcon
wpChatIcon