Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгы улук топтогу административдик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Тармактык статистикасында улук топтогу (У-А, У-Б) административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: – Кыргыз Республикасынын жараны болууга; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. 1. Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билими багыттар боюнча: “экономика жана башкаруу”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “эсептөө техникалары жана информациялык технологиялар”, юриспруденция (укуктук статистика үчүн), айыл чарба илим (агростатистика үчүн), социология (социалдык статистика үчүн) 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 (бир) жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенциялар: 3.1. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; 3.2. Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү: – электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү; – издөө системаларын колдоно билүү; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – кызматтык этиканын стандарттарын эске алуу менен, коомдук тармактарда туура өз ара аракеттенүү; – кеңсе техникалары менен иштөө; – көчүрүү, чыгаруу, сканерлөөчү аппараттары менен иштөө; 4. Жөндөмдүүлүк: – жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү тармакта Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иш-чараларда колдонуу; – кызматтык милдеттерге ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана жооп даярдоо; – статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү Жалпы мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 03-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. 7) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнундө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы. Предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын “Расмий статистикасы жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №178 жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө” Жобосу Сынакка катышууну каалаган талапкерлер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу, тиешелүү аймакты көрсөтүү менен электрондук түрдө гана арыз бере алышат; Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген) тиркелет: – жогорку кесиптик билимди (негизги жана кошумча, эгер бар болсо) тастыктоочу документ, анын ичинде транскрипттер/тиркемелер; – эмгек китепчеси, анын ичинде ага киргизилген кошумча барактар; – илимий даражаны же илимий наамды тастыктоочу документ (эгер бар болсо); – кесиптик өнүгүүнү/квалификацияны жогорулатууну тастыктоочу документ (эгер бар болсо); – Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек; Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды тапшырган талапкерлер сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Сынак өткөрүлгөн мезгил ичинде талапкер өзүнүн электрондук почта дарегине жана “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтар менен билдирмелерди өз убагында карап турууга милдеттүү. Сынакка катышуу үчүн документтер электрондук форматта гана 2026-жылдын 11-ноябрынан тартып 18-ноябрына (камтылат) чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек ш., Токтогул к. 97, №18-кабинети, байланышуу телефондору: 66-31-27, 66-28-39 Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00 Сынактан өтүүчү талапкерлерге өтүүчү жери жана убактысы кошумча маалымдалат. Конкурс жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин веб-сайтында www.stat.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында www.mkk.gov.kg жарыяланат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги