Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Чүй айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт:– административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө Чүй айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: Кыргыз Республикасынын жараны болушу; 1. Кеминде 18 жашта болушу; 2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү; 3. Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (Жер маселелери боюнча башкы адис) үчүн: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, айыл чарбасы (тактап айтканда, агрономия, топурак таануу же картография), укук же мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармактарында жогорку билим; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 4) Предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; – Кыргыз Республикасынын Суу кодексин; – “Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 “Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – -аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш. – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же так эмес маалымат аныкталса, талапкер сынактан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Арыздар 2026-жылдын 17-ноябрынан баштап 26-ноябрына чейин “e-Kyzmat” аркылуу кабыл алынат. Суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз: (03138) 38650. Документтердин толук топтомун тапшырбаган же сынактын талаптарына жооп бербеген талапкерлер сынакка катышууга өткөрүлбөйт. Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегин, ошондой эле “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү. Сынак өтүүчү жай жана убакыты, ошондой эле катышууга уруксат берилген тууралуу маалыматты талапкерлер билдирүү аркылуу биле алышат. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт