Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна (Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башкы адиси кызмат орду: Кара-Кулжа а.):

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика жана электроника, транспорттук техника жана технология, электроника, радиотехника жана байланыш, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, аскердик билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды билүү.

Предметтик мыйзамдар:

  • “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы  № 176 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссиясы жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
  • Билгичтиги:
  • жарандар менен иштей билүү жөндөмү;
  • жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
  • карталар менен иштей билүү жөндөмү;
  • курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;
  • медицина жана химия боюнча түшүнүгү;
  • өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссияларынын ишин уюштура билүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш бакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышууну каалаган жарандар 2026-жылдын 4-декабрына  чейин                    “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:

  • электрондук форматта өтүнмө беришет;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү  мыйзамдарында  белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:

  • жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен;

–    негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;

–    эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.

Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.

Кошумча маалыматтарды КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын фейсбук баракчасынан жана Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайттынан (www.mes.gov.kg) , ошондой эле 0554112866 телефон номери аркылуу алууга болот.

wpChatIcon