Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 62 “2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын жана 2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” Жарлыгы бекитилгенине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө региондук кадрлар резервине, ошондой эле, республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө муниципалдык кадрлар резервине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар түз аңгемелешүү этабына киргизилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 7 жылдан кем эмес иш стажы.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
квалификациялык талаптар:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 7 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес иш стажы.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 5 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.
Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна
квалификациялык талаптар
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
– жеке арыз тиркемеге ылайык;
– сүрөтү менен резюме тиркемеге ылайык;
– негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтердин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;
– нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Документтер 2024-жылдын 20-майынан 22-майына чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.
ЖМА башчысы – акиминин, анын орун басарларынын, ошондой эле, республикалык, облусттук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине берилүүгө тийиш. Дареги боюнча: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 3-кабат,. 304-каб. (Панфилов көчөсүнөн кире бериш). Тел. 660149, 620412.
Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар аралык башкармасына берилүүгө тийиш.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.:(0312) 62-08-90,62-05-49, 62-08-14.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03522) 5-23-00,
(0708) 32-43-25.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03422) 5-48–99
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03922) 5-05–65.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03222) 5-66-15, 5-50-76.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03622) 5-02-93.
Агенттик аялзатын ушул конкурска активдүү катышууга чакырат. Биз бирдей мүмкүнчүлүктөргө ишенебиз жана ошондуктан, аялзатын өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө жана өздөрүн потенциалдуу лидер катары көрсөтүүгө чакырабыз.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын документтери кайтарылып берилбейт.