Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору –Джантаев Эльчибек Нуржадыевич  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана  муниципиалдык кызматкерлеринин кесиптикмайрамын утурлай Нарын шаарында  өтүп жаткан салтанаттуу иш чарага катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4- январындагы токтому менен өлкөнүн өнүгүү процессине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын салымын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрындагы № 57/277 «Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүү» жөнүңдө резолюциясын көңүлгө алуу менен  23-июнь Мамлекеттик жана  муниципиалдык кызматкерлеринин күнү катары бекитилген.

Агенттиктин директору –Э.Н. Джантаев салтанаттын катышуучуларын куттуктоо менен төмөнкүлөргө токтолду:

“Мамлекет башчысынын жаңы кадр саясатында койгон негизги тапшырмалары бул мамлекеттик аппараттын кадр маселесин калыс чечүүнү камсыз кылган жаңы кадр саясатынын багытын белгилөө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөгө кесиптик жактан даяр, талаптагыдай квалификацияга ээ болгон, прогрессивдүү ой жүгүрткөн, өлкөнүн өнүгүшүн, коомдун бакубат жашоосун камсыз кыла алган жетекчилерди жана мкызматкерлерди дайындоо үчүн акыйкат жол жоболорду түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызиат орундарына элдин алдында өз жоопкерчилигин сезген, тийиштүү квалификацияга жана жогорку адеп-ахлактык сапаттарга ээ адамдардыним келишин камсыз кылуу болуп эсептелет”.

Ошондой эле, Эльчибек Нуржадыевич салтанаттын журүшүндө, кесиптик майрамдын урматына, сыйлыктар боюнча атайын комиссия тарабынан татыктуу деп табылган, кызматкерлерге Агенттиктин сыйлыктарын  тапшырды.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүн белгилөөнүн алкагында 23- июнда Алай районунун Гүлчө, июль айында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөттөрүндө республикалык кеңешме-семинарлар өткөрүлмөкчү.