Агенттик Ош облусу жана Ош шаарында «Санарип аймак» тутуму боюнча семинар өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 17-18-19-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын менен биргеликте Ош шаарында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча 3 күндүк окуу семинар башталды.

Семинарга, Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алыкулов Рамис Муратбекович, Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Ош облусунун ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис Мукашбекович, Ош шаарынын вице-мэри Жунусбаев Сонунбек Калмаматович,  Ош облусунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана Ош шаарынын муниципалдык территориалдык башкармалыктарынын катышууда.