Сынактар
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
  • Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти
  • Улуттук аттестациялык комиссиясы
  • Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
  • Мамлекеттик салык кызматы
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктар
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
  • Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
  • Департамент гражданской авиации
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • Сынак тест
  • эски сайт

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК

  • БИЗ ТУУРАЛУУ
    • Тарыхый маалымат
    • Байланыш маалыматтары
    • Жетекчилик
    • Аппараты
    • Иш-аракет
    • Аймактык органдар
    • Статистика
  • ПРЕСС-БОРБОР
    • Окуялар
    • ММКларда жарыялануу
    • МКК гезити
  • ТЕСТИРЛӨӨ
  • СЫНАКТАР
    • Мамлекеттик органдарынын борбордук аппараты Бишкек ш.
    • Бишкек шаары
    • Чүй областы
    • Талас областы
    • Ысык-Көл областы
    • Нарын областы
    • Ош шаары
    • Баткен областы
    • Жалал-Абад областы
    • Ош областы
  • БАЙЛАНЫШ
    • Электрондук кайрылуу
    • Көп берилүүчү суроолор
    • Жарандарды кабыл алуу графиги
    • Байланыш маалыматтар
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Агенттик тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону өткөрүүдө компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, ошондой эле тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүүгө) киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилген

By Эрлан Осмонов  Published On 15.09.2022

This post is also available in: Kyrgyz

      Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан (мындан ары – Агенттик)  Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өткөрүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 31-жылдын 2022-майында посеп 169 иш жүргүзүп жатат.

      Бул жарлык менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген, анда компьютердик тестирлөөнүн төмөнкү этаптары аныкталган:

1) мыйзамдарды билүү (жалпы жана предметтик);

2) кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо (логикалык тест).

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан (мындан ары – Агенттик) мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону өткөрүүдө компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку, башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүүгө) киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилген.

      Ошентип, аттестация өткөрүүдө компьютердик тестирлөө суроолордун төмөнкү түрлөрүн жана санын камтыйт:

– жалпы мыйзамдарды билүүгө – 35;

– предметтик мыйзамдарды билүүгө – 35;

– кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого (логикалык тест) – 30.

      Жалпы жана предметтик мыйзамдарды билүүгө тестирлөө жүргүзүү процессинде ар бир түрү үчүн 35 мүнөттөн (бардыгы 70 мүнөт), кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого (логикалык тест) – 10 мүнөт тестирлөө убактысы белгиленет.

      Жалпы тестирлөө убактысы 80 мүнөт.

      Суроого ар бир туура жооп үчүн (жалпы, предметтик мыйзамдарды жана логикалык тестти билүү үчүн) 1 балл берилет.

      Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациядан өткөрүүдө жалпы мыйзамдарды билүүсүнө компьютердик тестирлөө кызмат орундарынын тиешелүү топтору үчүн төмөндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын тизмелеринен тесттик суроолорду камтыйт.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

      Маалымдама:

      Предметтик мыйзамдар боюнча маселелер мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка квалификациялык талаптарда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын негизинде түзүлөт жана квалификациялык талаптарда үчтөн кем ченемдик укуктук актылар көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, квалификациялык талаптарда белгиленген үчтөн кем эмес ченемдик укуктук актылардан турууга тийиш.

Leave A Reply Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*

*

Баткен обулусунда “Санарип аймак” тутуму боюнча үч күндүк семинар өз ишин баштады
Previous Article
Ала-Букинское районное ветеринарное управление
Next Article
  • Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики > Жаңылыктар > Агенттик тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону өткөрүүдө компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, ошондой эле тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүүгө) киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилген
  • Архивы

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

720017  Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 122                                                                                   Кабылдама: 0312 62-04-05, 62-02-43, факс 62-25-43.                                     Жалпы бөлүм 62-0243, Кеңсе 62-02-43,                                      Ишеним телефондору 66-02-95; 66-03-37; 66-03-39    е-mail: mmkyzmat@mkk.gov.kg

КР Президентинин сайты 
КР Жогорку Кеңешинин сайты
КР Министрлер Кабинетинин сайты 

Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
  • БИЗ ТУУРАЛУУ
    • Тарыхый маалымат
    • түзүм
    • Жетекчилик
    • Аппараты
    • Иш-аракет
    • Аймактык органдар
    • Статистика
  • Жаӊылыктар
    • Окуялар
    • Жарыялар
    • МАГСМСУ гезити
  • Тестилөө
  • Коомчулук менен байланыш
    • Электрондук кайрылуу
    • Көп берилүүчү суроолор
    • Жарандарды кабыл алуу графиги
    • Байланыш
  • Структура ГКС
  • Руководство ГКС
  • Деятельность
  • Статистика