2023-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү.
Окутуу-семинарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышышты.
Буга чейин, Нарын облусу жана Түп району боюнча пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүдөгү тажрыйбалар боюнча, аталган аймактардын өкүлдөрү презентация жасап, натыйжалары менен бөлүштү.
Окутуу-семинардын жыйынтыгында суроо-жооп болуп, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын суроолоруна жооп берилди.
Жогорудагы окутуу-семинар түштүк региондор боюнча 2023-жылдын 14-сентябрында Ош облусунда өткөрүлөт.