Ачык эшик
Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Э.Мокешова тарабынан 2024-жылдын 31-майында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.
Бүтүрүүчүлөргө презентация сунушталды жана көптөгөн суроолорго толук кандуу жооп берилди. Иш-чарага К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы Эркинбаев Максат Токтобекович катышты.