Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик  агенттик Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган Хелветас программасы менен биргеликте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулган кереге кеңеш өткөрдү.  Иш-чара муниципалитеттердин  социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана сациалдык жана гендердик сезимталдуулук маселелеринин чечилиш жолдорун талкуулашты. Ошондой эле кереге кеңешке Өнүктүрүү саясат институту, Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар союзу катышты.

2022-жылдын февраль, март айларында алып “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Жалал-Абад, Ысыккөл областарынын 47 пилоттук муниципалитетердин ортосунда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу программаларынын мыктыларына конкурс жарыялаган. Конкурска катышуу ниетин 36 жаргиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билдирген.  Алардын ичинен 6 ЖӨБ органдары утушка ээ болуу менен жетекчилерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1-орун: (200 000 сом):

Светлая Поляна АӨ (Ысыккөл, Жети- Өгүз р-ну)

Чолпон-Ата АӨ (Жалал-Абад, Токтогул р-ну)

 

2-орун: (150 000 сом)

Теплоключенка АӨ (Ысыккөл, Ак-Суу р-ну)

Токтогул ш, (Жалал-Абад)

 

3-орун (100 000 сомов)

Бостери АӨ (Ысыккөл, Ысыккөл р-ну)

Масы АӨ (Жалал-Абад, Ноокен р-ну)

 

Кызыктыруучу сыйлыктар менен:  (50 000 сомдон, 6 жеңүучү):

Кумбел АӨ (Ысыккөл, Ысыккөл р-ну)

Кызыл-Суу АӨ (Ысыккөл, Ысыккөл р-ну)

Жаңы-Жол АӨ (Джалал-Абад, токтогул р-ну)

Оргочор АӨ (Ысыккөл, Ысыккөл р-ну)

Тоң АӨ (Ысыккөл, Тоң р-ну)

Жаңы-Жол АӨ ( Жалал-Абад)