Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн, штаттын санын оптималдаштыруу, кайталануучу жана ашыкча функцияларын жоюу, бюджеттик каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды изилдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жана 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын  көңүлгө алуу менен бирге Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча 2022-жылдын 21-февралындагы № 144 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Аталган жумушчу тобу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлгөн.

«Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү структурасын, штаттык ырааттамаларын жана санын бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун кайрадан карап чыгуу максатында жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

«Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү структурасын, штаттык ырааттамаларын жана санын бекитүү жѳнүндѳ»Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун мамлекеттик жана расмий тилинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кароосуна жиберилди.

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө маалыматты жаңыртуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинде көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдардан маалымат чогултулууда.Маалымат алынгандан кийин тиешелүү министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда май айында жыйын өткөрүлүүсү пландалууда.

Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча маалымат

Мамлекеттик органдар берген маалыматка ылайык, 2022-жылдын              1-январына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүлгөндөрдун саны:

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги — 353;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы — 239;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети — 470;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти —242.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 17-январындагы «Кыргыз Республикасынын                 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамында мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү каржылоого каражаттар каралган:

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине 2022-жылга 71 535,8 миң сом каражат каралган;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине              2022-жылга 115134,3 миң сом каражат каралган.

«2013-жылдын 9-июлундагы №127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын                             17-октябрындагы № 3296-VI токтомун аткаруу боюнча маалымат даярдалып, маалымат мезгил-мезгили менен берилип турат.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  А.О. Кожошевдин тапшырмасына ылайык, укуктук документтери жок жерлер, имараттар жана бош жаткан жерлер боюнча маалыматтар топтолуп анализдер жүргүзүлүп жатат.
  2. Электрондук соода аянтчасында аукциондорду өткөрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
  3. Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Нарматов көчөсүндө жайгашкан «Алымбек Датка» эс алуу жайынын аймагында Ж.Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейинин балансында турган 5-01-0002-0135 коду менен катталган суу кампасын Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча тиешелүү токтом долбоору даярдалып жатат.