Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: -жогорку билим; -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: – жогорку билим; – иш стажы талап кылынбайт. Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: – «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн текстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 Токтому. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – жеке арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама); – негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт) Конкурс жарыялангандан тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер «делого» тиркелип, Чаек айылы, М.Алыбаев көчөсү №39, Жумгал райондук Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. Сурап билүү байланыш номер: 0(3536) 23-236; 23-033 Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын айыл окмоту Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Жумгал районунун Мин-Куш айыл аймагынын айыл окмоту Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт