Агенттикте 2022-жылдын 3-июнунда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмү тарабынан «Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү жамааттардын ишине дем берүү» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Ага Ысык-Көл, Чуй, Баткен жана Ош региондорунан келген жамааттардын төрага жана координаторлору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин кызматкерлери катышты. Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү жамааттардын ишмердүүлүгүн, көйгөйлөрүн талкууланып, ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарылды.