Башкы административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

 

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

 

1 . Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Башкы топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар:

– билим дегээли:

экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, геология, тоо-кен инженериясы, агрономия, инженер-эколог, агроэколог, токой чарбасы жаатындагы жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5  жылдан кем эмес иш стажы.

Билүсү:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер жөнүндө Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Суу жөнүндө Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын айлана чойрону коргоо жөнүндө Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын жөнүндө Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын озгочо корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын осумдуктор дуйносун коргоо жана пайдалануу жөнүндө Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дуйносу жөнүндө Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын Жаныбарлар дуйносу жөнүндө Мыйзамы;

– компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.

– СЭД программасы менен иштөө

Улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар:

– билим дегээли:

экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, геология, тоо-кен инженериясы, агрономия, инженер-эколог, агроэколог, токой чарбасы жаатындагы жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3  жылдан кем эмес иш стажы.

Билүсү:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер жөнүндө Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Жаныбарлар дуйносу жөнүндө Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын айлана чойрону коргоо жөнүндө Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын озгочо корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын осумдуктор дуйносун коргоо жана пайдалануу жөнүндө Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

– компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.

– СЭД программасы мен ен иштөө

Кенже топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар:

– билим дегээли:

– экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, геология, тоо-кен инженериясы, агрономия, инженер-эколог, агроэколог, токой чарбасы жаатындагы жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт

Билүсү:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер жөнүндө Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын айлана чойрону коргоо жөнүндө Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын озгочо корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дуйносу жөнүндө Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Жаныбарлар дуйносу жөнүндө Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

– компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү

– СЭД программасы менен иштөө.

Улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (бухгалтерия)

Билим дегээли:

– финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика багыттары боюнча “экономика жана башкаруу” жаатында жогорку кесиптик билим.
Иш тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Билүсү:

– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
–  “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүү жылга)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
–  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

–  “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
–  “Саякаттык чыгымдарды ченемдерин жана алардын ордун толтуруунун тартиби  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
–  “Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө”  Мыйзамы;

– “Бийик тоолу жана алыскы аймака жетууго кыйын аймакта жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө”  Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын  Президентинин  “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

Жөндөмдүүлүк:
– финансылык эсептешүүлөрдүн формалары жана тартиби;
– ишкананын чарбалык-финансылык ишин экономикалык талдоонун, ички чарбалык резервдерди аныктоонун ыкмалары;
– акча каражаттарын, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу, кириштөө, сактоо жана чыгымдоо тартиби;
– акча каражаттарын, ТМБ (товардык материалдык баалуулуктар), эсептешүүлөрдү жана төлөм милдеттенмелерин инвентаризациялоону жүргүзүү эрежелери.

– финансылык отчетуулукту оз убагында тузуу;
       Улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (кадр)
Билим дегээли:

– финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика багыттары боюнча “экономика жана башкаруу”, юриспруденция, жана муниципалдык башкаруу жаатындагы жогорку кесиптик билим жаатында жогорку кесиптик билим.
Иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Билүсү:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ПЖ № 61 Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ПЖ № 25 Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” №316 токтому.
Жөндөмдүүлүк:
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат :

 – сынактык комиссиянын төрагасынын  атына жазылган жеке арызы;

– кадрларды каттоо баракчасы;

– резюме;

– өмүр баян;

– 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

– жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек) ;

– маалым кат соттулгу жок (справка о судимости).

Талапкерлер документтер  массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде(  4-мартынан 15-мартка чейин) Нарын облусунун, Нарын шаарындагы  Ленина кѳчѳсү 58/10 дареги  боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп, кадр жана иш кагаздарын камсыз кылуу секторуна документтер эртен мененки саат 09:00 дѳн кечки 17:30 га чейин кабыл алынат. Ал эми сынак өтүүчү күн талапкерге кошумча билдирилет. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар. (03522) 5-44-70