Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Мамлекетибиздин өсүп — өнүгүшүнө, туруктуу калыптануусуна, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкарууда билимин, тажрыйбасын арнаган кызматкерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумунун ардактуу ардагерлеринин эмгеги эбегейсиз зор.
Мамлекеттик кызмат тутумун реформалоо бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги милдеттеринин бири болуп калды. Анын максаты — Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун өркүндөтүү, көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу аркасында кызматчылардын эмгек шартын жакшыртуу болуп саналат.
Мамлекеттин жаңы кадр саясатын, ишке ашырууда, жаш жана тажырыйбалуу кадрларды колдоого алып, карьералык өсүүнү жигердүү жүзөгө ашыруу учур талабы. Алдыга коюлган максаттарга жетүүдө татыктуу, адеп ахлактуу, терең билимдүү кызматкерлерди даярдап чыгуу милдети бар. Биз муну менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин системдүү топтомун түзүү менен кадрдык муктаждыктарды жоюуга жете алабыз.
Сиздер мындан ары карай дагы, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жарандарыбыздын турмуш шартынын оңолушуна мекенчилдик сезим менен адал ой, айкын максатта бүткүл дараметиңиздерди жумшап, кызмат кыласыздар деп ишенем.
Урматтуу кесиптештер!
Баарыңыздарга ийгилик, чың ден соолук, бакубат турмуш, тагылган милдетти аркалоодо жаркын келечекте гүлдөгөн өлкөбүздүн кызматкерлери болушуңуздарды каалайм!