Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, республикалык маанидеги шаардын мэринин жана анын орун басарынын кызмат орундарын ээлөөгө муниципалдык кадрлар резервине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

  • Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин изилдөө.
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн УЧА тизмеси).
  • Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

— жогорку билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
 5 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.

Документтер 2025-жылдын 17-июнунан 18-июнуна чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат (саат 12:30дан 13:30га чейин түштөнүүгө тыныгуу).

Республикалык маанидеги шаарлардын мэринин жана анын орун басарынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине берилүүгө тийиш. Дареги боюнча: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 3-кабат,. 304-каб. (Панфилов көчөсүнөн кире бериш). Тел.  620412.

Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар аралык башкармасына берилүүгө тийиш.

  • Дареги: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 1-кабат.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.:(0312) 62-04-12

Конкурстун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын документтери кайтарылып берилбейт.